Анталияда жер титирөө болду

Түркиянын Анталия шаарында, Газипаша жээгинде 4 баллдык, ал эми Эгей деңизинде, Гөкчеада жээгинде 4,6 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, 4-июнь күнү саат 07:32де Анталия облусунун Газипаша районунун Жер Ортолук деңиз жээгинде күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болду.

Жер титирөөнүн очогу 67,26 чакырым тереңдикте жайгашкан. Азырынча кыйроо же жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми Эгей деңизинде, Чанаккале облусунун Гөкчеада аралынын жээгинде 4-июнда саат 08:18де күчү 4,6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жабыркагандар же кыйроолор катталган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан