Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Ош базарынын" аймагын текшерди. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Мэр көчөлөрдү баш аламан соодадан тазалоо жана базардын аймагын көрктөндүрүү боюнча көчмө жыйын өткөрдү.
Базардын соодагерлери менен жолугушууда мэр соодагерлер өз ишин мыйзамдуу жана соода жүргүзүү үчүн бөлүнгөн жерлерде гана жүргүзө аларын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө өрткө каршы нормаларга жана талаптарга ылайык келтирүү, баш аламан соодадан тазалоо жана көрктөндүрүү иштери Бишкек шаарынын бардык базарларында жүргүзүлүүдө. Мыйзам жана белгиленген эрежелер бар, өзгөчө кырдаалдарды болтурбоо үчүн аларды так сактоо керек. Бишкек шаары баш аламан соода үчүн жер эмес",- деди мэр.
Текшерүүдө тамак-аш сатылган жайда чымынды байкаган мэр "чымыны да жүрөт" деп кожоюндарын сынга алган.