Таластагы 200 мектеп бүтүрүүчүсү Бишкектеги медициналык академияда бекер окуйт

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев Таластагы мектеп бүтүрүүчүлөрү менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлдүн маалымат кызматынан билидиришти.

“Иш-чарада аймактагы ак халатчандардын тартыштыгын жана медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу маселесин талкууладык. Бул маселени чечүү максатында 200 мектеп бүтүрүүчүсүн Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында окутуу демилгесин көтөрдүм. Бүгүнкү күндө Талас облусунда 170 дарыгер жетишпейт. Бул – жөн гана сан эмес, бул – өз убагында жардам ала албай жаткан жаран, эне, бала деген сөз. Бул маселени чечүү үчүн быйыл облустан мыкты окуган 200 бүтүрүүчү Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына кабыл алынып, алардын окуу чыгымдары медициналык академияны окуп бүтүргүчө толук каржыланат. Ар бир бүтүрүүчү жана ата-энеси менен атайын келишим түзүлөт. Анда билим алып бүткөн соң, жаш дарыгерлер кеминде 7 жыл Таластын мамлекеттик ооруканаларында кызмат өтөшү керек деп көрсөтүлөт. Жаштарга жол ачпай туруп келечекке үмүт кура албайбыз. Биз бул чечимге Таластагы ак халатчандардын таңкыстыгы жана жаш муунга болгон чоң ишеним менен барып жатабыз”, - деп билдирди Эрмат Жумаев.

Эсиңиздерге салсак, иш-чарага Таластын төрт району боюнча 180ден ашык бүтүрүүчү, агартуучулар жана ата-энелер катышышты. Аталган демилге кадрдык потенциалды арттырууга жана аймактын өнүгүшүнө чоң өбөлгө түзмөкчү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан