Быйыл 56 миңден ашык абитуриент ЖРТ тапшырганы белгилүү болду

Быйыл май айында республика боюнча 56 159 абитуриент жалпы республикалык тест тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, алардын ичинен 31 731 абитуриент кыргыз тилинде, ал эми 24 428 абитуриент орус тилинде тест тапшырган.

Май айында тест тапшырган абитуриенттердин ЖРТ сертификаттары мектептерге жана шаардык, райондук билим берүү бөлүмдөрүнө аттестаттар тапшырылганга чейин жөнөтүлөт. Абитуриент сертификатты алуу үчүн тестке кирүү талонун тапшырышы керек.

Эске салсак, буга чейин ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырган учурда гана бериле турганы айтылган. Эгерде абитуриент мамлекеттик тил боюнча тестти тапшырбаса, анда ага ЖРТнын негизги жана предметтик тесттеринин жыйынтыгы берилбейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан