Султанбай Айжигитовдун ордуна 30 жаштагы Табылды Муратбеков  депутат болду

"Ыйман Нуру" партиясынын атынан Табылды Муратбеков Жогорку Кеңештин депутаты болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Муратбеков SUPER.KG сайтына өзү тастыктады.

Анын айтымында, аны депутаттыкка Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн каттаган.

Муратбеков буга чейин партиядан чыгарылган Султанбай Айжигитовдун ордуна депутат болду.

Эске салсак, 28-мартта БШК Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага чейин "Ыйман Нуру" фракциясы Айжигитовдун чек ара боюнча жеке пикири фракция менен дал келбегенин айтып, фракциядан чыгарган.

Табылды Муратбеков учурда 30 жашта. Ал 1994- жылы Ысык-Көл облусунун Түп районунда туулган. Муратбеков жаштар арасында бир нече долбоорлорду уюштурганы менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан