ИИМдин академиясында бүтүрүү аземи өттү (сүрөт)

Бүгүн, 5-июнда ИИМдин Эргеш Алиев атындагы академиясында салтанаттуу бүтүрүү аземи өттү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ИИМдин ардагерлери, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, академиянын жетекчилиги жана өздүк курамы катышты.

Салтанаттуу азем Эргеш Алиевдин айкелине гүлчамбар коюу менен башталып, андан соң академиянын саптык аянтында улантылды.

Адылбек Бийбосунов жаш офицерлер академияда алган билимдерин ар кандай кырдаалда туура колдонуп, элге ак ниет кызмат өтөөрүнө ишеним артарын баса белгиледи жана бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелерине ыраазычылык билдирди.

ИИМдин академиясынын башчысы Азамат Ногойбаев жаш офицерлерди алдыда жооптуу кызмат күтүп турганын белгиледи.

"Өлкөбүздүн бейпилдиги, жарандардын коопсуздугу үчүн ак ниет менен кызмат өтөп, кесипкөйлүктү, мекенчилдикти жана өз ишиңерге берилгендикти көрсөтө аласыңар деп ишенем",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан