Бишкекте "Хизбут-Тахрир" (өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Гатчин көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде аялдар жамааты аталган экстремисттик уюмга таандык идеологияны жайылтып, уюмга мүчөлөрдү топтоп жатышканы тууралуу маалымат түшкөн. Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (Эктремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада милиция кызматкерлери УКМКнын кызматкерлери менен биргеликте айтылган даректи текшерүүгө алышкан. Ал жакта аялдарга жашыруун диний сабактар өткөрүлүп жаткандыгы тастыкталган. Ошондой эле аталган даректен экстремисттик мүнөздөгү маалыматтарды камтыган телефондор, СD-дисктер, көптөгөн китепчелер табылган. Буюмдарга тийиштүү экспертизалар дайындалган.
"Экстремисттик материалдарды даярдап, таратып, жашыруун сабактарды өткөрүп келген 30, 29, 36 жана 44 жаштагы жарандар милиция бөлүмүнө жеткирилишти", - деп айтылат маалыматта.
Учурда уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоо иштери уланууда.