Жер шарындагы эң бийик чоку Эверестти ийгиликтүү багындырган альпинисттердин катарын акыркы жылдары кыргыздар да толуктап жатат. Деңиз деңгээлинен 8848 метр бийик, Тибет менен Непалдын чегинде жайгашкан бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет. Бирок баарынын эле максаты жүзөгө аша бербейт. Кызыгы, чокуга чыгуу үчүн кара күч, психикалык даярдык жетиштүү эмес, капчык калыңыраак болушу шарт. Эверестке чыгуунун баасы 60-90 миң доллар. Бүгүнкү күндө аталган чокуга чыккан 5 мекендешибиз бар, сөз ошолор тууралуу.
Макаланы толугу менен “Супер-Инфонун” 6-июнда чыккан жаңы – №1173 санынан окуй аласыз.