Жүлүн булчуң атрофиясы (СМА) менен жабыркап келген Хамза менен Байхандын эмне себептен буга чейин 170 миллион сомдук Золгенсма ала электигинин себеби айтылды. Бул тууралуу Хамзанын атасы Руслан Рахманов SUPER.KG порталына билдирди.
"Арапа майрамыңыздар менен! Эртеңки Курман айтыңыздар менен! Сүйүнүчтүү жаңылыгыбыз бар. Бүгүн Аслан Золгенсма дарысын сайдырды. Ал эми Хамза менен Байхандын ийне албагандыгынын себеби – балдардын антителасы бийик болуп жатат. Бул нерсе миңден бир адамда кездешет экен.
Ал 3 же 6 айда түшүшү мүмкүн экен. Убакыт керек болуп жатат. 6 айга чейин балдарды Орусияга алып барып дагы каратууну пландап жатабыз. Антитела бийик болсо Золгенсманын пайдасы болбой калат экен. Ошол себептен биз бир гана сабырдуу болуп күтүшүбүз керек. Баары Алладан. Бизге дуба кылып туруңуздар", - деди ал.
Эске салсак, буга чейин Хамза, Аслан, Байхан аттуу наристелерге кыргызстандыктар 170 миллион сом топтогон. Учурда балдар Дубайда. Бүгүн алгачкы болуп бир жашында Аслан Золгенсма дарысын алды.