Португалия УЕФАнын Улуттар Лигасынын жарым финалында Германияны жеңип алды.
Беттеш кечээ, 4-июнда Германиянын Мюнхен шаарында өтүп, 2:1 эсебинде аяктады. Оюндун 48-мүнөтүндө Флориан Вирц немис командасын алдыга чыгарды. 63-мүнөттө португалиялык Франсишку Консейсау эсепти теңесе, 68-мүнөттө Криштиану Роналду чечүүчү голду киргизди.
Муну менен 40 жаштагы Роналду улуттук курама үчүн гол киргизүү боюнча өзүнүн дүйнөлүк рекордун жаңыртты (137).
Айта кетсек, бүгүн, 5-июнда Улуттар Лигасынын экинчи жарым финалында Франция менен Испания беттешет.