Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда Чолпон-Ата шаарынын борбордук мечитинде Курман айт майрамына карата окулган Айт намазга катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы ал жерде мечиттин жамааты менен бирге майрамдык намаз окуду.