Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги аталган министрликтин жетекчиси Бакыт Төрөбаевдин атын колдонуу менен социалдык тармактарда жалган маалыматтар таратылып жатканын билдирди.
"Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт жана коомчулукту адаштырууга багытталганын билдиребиз. Жарандарды жана жалпы коомчулукту мындай жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз.
Жалган маалымат тараткандар өлкө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартыларын эскертебиз", - деп билдирди министрлик.
Мекеме шылуундар төмөнкү сүрөттү колдонуп жатканын белгиледи.