"Элибизге ырыскы жана береке берсин". Муфтийдин Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Бүгүн, 6-июнда муфтий Абдулазиз Закиров Кыргызстандагы мусулмандарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу мекендештерим, кымбаттуу бир туугандарым!
Кудайдын ырайымы менен эң касиеттүү күндөрдүн бири болгон – Курман айт майрамына дагы бир ирет аман-эсен жетип олтурабыз. Бул - ыймандын, боорукерликтин, кайрымдуулуктун жана жакшылыкта биригүүнүн улуу күнү. Ар бир үйгө береке жана жакшылыктын шамын жагуучу бул ыйык майрам менен бүтүндөй кыргыз элин, мекенибиздин бардык мусулмандарын ак дилден куттуктайм!
Курман айт - Жараткандын буйругуна баш ийүү, сабырдуулук, итаат-кулчулук, чын ыкластуулук сыяктуу асыл сапаттарды эскерткен улуу майрам.
Мына ушул ыйык күндөрдө дүйнөнүн түрдүү бурчтарынан келген миллиондогон мусулмандар Арафат тоосунда туруп, ажылык ибадатын өтөп жатышат. Алардын катарында биздин урматтуу мекендештер - кыргызстандык ажылар да бар. Биз алардын амандыгын тилеп, ажылык ибадаттары кабыл болуусун Жараткандан сурайбыз. Алардын дубалары менен өлкөбүзгө, элибизге, үй-бүлөбүзгө жакшылыктар жаасын, Кудай таалам алар аркылуу ыймандуулуктун нурун төксүн!
Курман айт - биримдик менен боорукердиктин, кайрымдуулук менен адилеттүүлүктүн майрамы. Бул күнү курмандыктар чалынып, муктаждарга кол сунулуп, жүрөктөр бири-бирине жакындашат. Майрамдын маңызын туура түшүнүп, аны жалаң гана салт катары эмес, руханий тарбия катары да кабыл алышыбыз керек. Бул - көңүлдөрдү тазалаган, туугандык байланышты бекемдеген, тынчтык менен ынтымакты чыңдаган улуу мүмкүнчүлүк.
Урматтуу бир туугандар! Мекенибиз Кыргызстан - көп улуттуу, көп конфессиялуу, ынтымактуу эл. Биз бул ынтымакты ыйык аманаттай сактап, элибиздин биримдиги, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн ар бирибиз жоопкерчилик менен аракет кылууга тийишпиз. Ар кимибиздин жүрөгүбүздө тынчтык орноп, алакан жайган майрамдык маанай ар бир үй-бүлөгө тийсин! Жакшылыкта жарышып, жакшылыкты жайылтуу менен мекенибиздин келечегин курууга ар бир жарандын салымы чоң.
Ошондуктан, бул улуу күндөрдө кайрымдуулук кылалы, ынтымакты даңазалайлы, улуттук жана диний баалуулуктарыбызды урматтап, коомубузда адеп-ахлакты, ыймандуулукту жайылтууга аракет кылалы. Ар бирибиз өз үй-бүлөбүздө, жумуш ордубузда, коомчулукта жакшы үлгү болууга тырышалы.
Жараткан Алла Таала Курман айт майрамынын урматы үчүн дубаларыбызды кабыл кылып, жүрөктөрүбүзгө бейпилдик, ырыс-кут, бакубатчылык тартууласын! Курман айт ар бир үйгө береке, ыйман, ынтымак, бакыт алып келсин!
Курман айт майрамыңыздар кут болсун!
Алла Таала үй-бүлөңүздөргө тынчтык, өлкөбүзгө өнүгүү, элибизге ырыскы жана береке берсин!", - деп жазылат куттуктоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан