Өзбекстандын курама командасы кечээ, 5-июнда өз тарыхында алгач ирет футбол боюнча дүйнө чемпиондугуна жолдомо алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Азия конфедерациясынын үчүнчү айлампасында Өзбекстан курама командасы Бириккен Араб Эмираттарынын курама командасы менен Абу-Даби шаарында 0:0 эсебинде тең чыгуу менен оюн өткөрдү.
Өзбекстан курамасында бул беттеште ЦСКА оюнчусу Аббосбек Файзуллаев, "Рома" клубунан Элдор Шомуродов жана "Манчестер Ситиден" Абдукодир Хусанов сыяктуу белгилүү оюнчулар катышты.
Бул жыйынтыктын негизинде Өзбекстан курама командасы 18 упай топтоп, "А" тайпасында экинчи орунду камсыздады. Бул орун ага 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпиондугуна түз жолдомо берет.
Ошондой эле Иран курама командасы да түз жолдомо алып, 20 упай менен тайпада биринчи орунду ээледи. Ал эми Бириккен Араб Эмираттары 14 упай менен төртүнчү айлампага катышуу укугуна ээ болду.
2026-жылдагы футбол боюнча дүйнө чемпиондугу АКШ, Канада жана Мексиканын аймагында өтөт. Биринчи беттеш жана ачылыш аземи Мексикада болот.