УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев спортчу Орозобек Токтомамбетовго автоунаа белек кылды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.
Анда спортчу УКМК башчысына ыраазычылык билдирген.
"Камчыбек Кыдыршаевичке терең ыраазычылыгымды билдирем. Аябай кубанычтамын сиздин белегиңизге. Кудай буюрса, Олимпиада оюндарында, Азия оюндарында Кыргызстандын желегин желбиретем деген ишеничтемин", - деди спортчу.
Орозобек Токтомамбетов ушул жылдын апрель айында Иорданиянын Амман шаарында өткөн Азия чемпиондугунда 74 килограмм салмак категориясында күмүш медалга ээ болгон.
Ал эми былтыр, спортчу Азия чемпиону болгон.