Дүйнө жүзүндөгү жүз миңдеген мусулмандар бүгүн, 6-июнда Курман айт намазын окуу үчүн мечиттерде чогулушту. Алардын бир нечесин тизмектеп, сүрөтбаян сунуштайбыз.
Быйыл Кыргызстанда Курман айт намазы мечиттерде окулду. Ал эми төмөндө Бишкектеги Имам Сарахси атындагы борбордук мечитте окулган Курман айт намазы учурунда тартылган кадрлар.
Казакстандын борбору Астана шаарындагы Абу Насыр аль-Фараби мечитине да бүгүн жүздөгөн адамдар чогулду. Айта кетсек, аталган мечит Борбор Азиядагы ири мечиттердин катарына кирет.
Өзбекстандагы Новза жана Хазрати Имам мечиттериндеги окулган айт намазынан сүрөттөр.
Түркиянын Стамбул шаарындагы Ая-София мечитиндеги айт намазы учуру.
Индонезиянын Батыш Сумарта аймагындагы Тана Датар районундагы мусулмандар Курман айт намазын окушту.
Ирактын Сулеймания шаарында Курман айт намазы Хажи Хасан Лока мечитинде окулду. Намаздан кийин жамаат бири-бири менен учурашып, майрам менен куттукташты.
Ал эми Ирактын борбору Багдад шаарында майрамдык намаз Шейх Абдулкадир Гейлани мечитинде окулду.
Багдад шаарынын Шейх Абдулкадир Гейлани мечитинде аялдар да Курман айт намазын окушту.
Ливандын борбору Бейрут шаарында Хамра мечитиндеги айт намазындагы учурлар.
Азербайжандын борбору Баку шаарындагы Шейиттер мечитинде Курман айт намазын окуганы чогулган мусулмандар.
Германиянын Кёльн шаарында мусулмандар Курман айт намазын окуу үчүн Борбордук мечитинде чогулушту.
Бириккен Араб Эмираттарынын борбору Абу-Даби шаарында айт намазы Аль-Карим мечитинде окулду.
Швециянын борбору Стокгольмдо мусулмандар Курман айт намазы үчүн Дин иштери боюнча төрагалыкка караштуу Фитжа мечитинде чогулушту.