Бүгүн, 6-июнда Бишкектеги автобекеттерде абал туруктуу, каттамдардын баасы көтөрүлгөн жок. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Курман айт күндөрү алыскы аймактарга каттаган жүргүнчүлөрдүн саны көп болгондуктан автобекеттерде кошумча каттамдар киргизилип, жүргүнчүлөргө шарттар түзүлүүдө.
Бишкек мээриясы жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан автобекеттердеги абал көзөмөлдөнүп, жол киренин көтөрүлүшүнө жол берилбегенин кошумчалашты.