Түркияда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулунун иши боюнча биринчи соттук кароо күтүлүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигине байланышканыбызда билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-майда ал Газиантеп провинциясынын сотунун чечимине ылайык, тергөө абагынан бошотулуп, үй камагына чыгарылган болчу.
"Азыркы учурда биринчи соттук кароо күтүлүүдө. Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу Азамат Нурмат уулу менен туруктуу байланышта болууда. Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө көзөмөлүндө", - деп билдирди мекемеден.