Нарында жол кырсыгына кабылган АКШнын жараны Жейден Ридди Бишкекке алып келинди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирди.
Маалымдагандай, кечээ, 5-июнда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн аскер кызматчылары тик учак менен оор абалдагы америкалыкты Нарын шаарынан Бишкек шаарына алып келишкен.
Министрлик ал Нарын облусунда жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алганын, андыктан ага тез арада адистештирилген медициналык жардам керек болгонун белгиледи.