Перудагы Наска чөлүндө табылган мумиянын ичинен баланын сөөктөрү табылганын Daily Mail басылмасы жазды.
"Томография көрсөткөндөй, түйүлдүк чалкасынан жатып, башы курсак жакта, колдору жамбаш аймагына жакын жайгашкан", - деп айтылат макалада.
Окумуштуулар Монсеррат деген ат коюлган аял 1200 жыл мурун кош бойлуу болгондон бир айдан кийин каза болгон деп божомолдошот. Окумуштуулар мумия ичин колу менен кысып жаткан абалда болгондуктан аны томографияга тартууну чечишкен. Эми түйүлдүктүн келип чыгышын аныктоо үчүн ДНК анализи керек.
Эксперт Хос Зальстын айтымында, учурда эне менен түйүлдүктүн бирден-бир анатомиялык окшоштугу – үч манжалуу мүчөлөрдүн болушу.
Басылма 2017-жылы Наска чөлүндө ондогон мумия табылганын белгилейт. Окумуштуулар алар башка планетадан болушу мүмкүн деген жоромолдорду айтып келишет. Себеби табылган мумиялардын кол менен буттары үч манжалуу. Ошондой эле баш сөөктөрү адамдыкынан айырмаланып сүйрү келет.