Көмүскөдөгү жашоо: Санкт-Петербургда 9 жыл мурун жоголгон кыз таң калычтуу жагдайда табылды

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 2016-жылы 16 жашында дайынсыз жоголгон Виктория аман-эсен табылды. Бул жылдар бою кыз документсиз жашап, эки бала төрөп, укук коргоо органдарынын издөөсүнөн жашырынып келген.

News басылмасынын жазганына караганда, 9 жыл мурун ал ооруканадан чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Полиция, ыктыярчылар катышкан масштабдуу издөөлөр эч кандай жыйынтык берген эмес. Анын жоголушу резонанс жаратып, маалымат каражаттарында ар кандай версиялар жазылып келген.

Викториянын жоголушу боюнча иликтөө аймактагы эң ири иликтөөлөрдүн бири болгон. 450дөн ашык күбө суралып, 15тен ашык масштабдуу издөө иштери жүргүзүлгөн.

Бирок Виктория ушул жылдар бою баарынан атайылап жашырынып жүргөн. Алгач ал Всеволожсктеги досу менен баш калкалоочу жай таап, андан кийин Сестрорецкке көчүп барып, ал жерде бир киши менен таанышып, анын батиринде жашай баштаган. Виктория ал жактан ооруканага барбастан эки бала төрөгөн. Балдарга күбөлүк алынган эмес.

Сурак учурунда жоголгондон бери 25 жашка чыккан Виктория качып кеткенин ата-энесине болгон катуу таарынычы менен түшүндүргөн. Кыз 9 жыл бою өзүнүн издөөсү тууралуу кабарды угуп келгенин, бирок үйүнө кайтып барууну каалабаганын айткан.

Виктория 2-июнда Сестрорецк көчөлөрүндөгү видеокөзөмөл камераларына түшүп калган. Укук коргоо органдары 5-июнь күнү эртең менен батирге кирип, Викториянын өзүн, анын шеригин жана эки баласын табышкан.

Учурда укук коргоо органдарынын жана социалдык кызматтардын алдында оор милдет турат. Анын туулгандыгы тууралуу күбөлүксүз төрөлгөн балдарынын укуктук абалын аныктоо. Он жылга жакын документсиз жашаган Викториянын өзүн мыйзамдаштыруу маселеси да чечилиши керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан