Кыргызстандын тыйын эңмей боюнча курама командасынын мүчөлөрү Казакстандын Шымкент шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунда 1 күмүш жана 1 коло медалга ээ болушту.
Дене тарбия жана спорт департаменти билдиргендей, Азим Эсенбек уулу күмүш медалга ээ болсо, Адилбек Кенжебек уулу 3-орунду ээледи.
Курама команда машыктыруучу Максат Батырбековдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.