Түштүк Африкада катуу шамал балдар ойноп жаткан батутту учурган. Батут дээрлик 12 метр бийиктикке көтөрүлгөндө андагы эки бала кулап түшүп, оор жаракаттарды алышкан.
Daily Mail басылмасынын жазганына карганда, окуя 31-майда Крюгерсдорп шаарында Laerskool Protearif башталгыч мектебинин аймагында 1000ден ашуун адамды чогулткан массалык кайрымдуулук акциясы учурунда болгон. Кырсыктан бир баланын баш сөөгү, экинчисинин колу сынган. Экөө тең тез арада ооруканага жеткирилген.