Түркияда айт майрамынын урматына курмандык чалууда 14 миңден ашык адам жаракат алды

Түркияда Курман айт майрамынын биринчи күнүндө малды курмандыкка союуда жаракат алган 14 миңден ашуун адам медициналык жардамга кайрылды. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Кемал Мемишоглу X социалдык тармагындагы баракчасында билдирди.

Анын айтымында, ооруканаларга 14 миң 372 жабырлануучу кайрылган. Анын ичинен Анкарада 1049 киши, Стамбулда 753, Коньяда 655, Газиантепте 634 жана Манисада 572 адам бар.

"Курмандык малды кесипкөй адистер союш керек. Курмандыкка мал соё элек жарандарыбызга бул маселеге көңүл бурууну эскертебиз", - деп жазган министр.

Мемишоглу бардык жабырлануучулардын тез сакайып кетишин каалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан