Ош шаарынын мэриясы Лениндин эстелигинин алынышы боюнча билдирүү таратты (видео)

Ош шаарынын мэриясы калаанын борбордук аянтынан алынган Владимир Ильич Лениндин эстелиги башка жерге жылдырыларын билдирди.

Шаар бийлиги анын ордуна 95 метрлик желек сап орнотуларын белгиледи. Ошондой эле мэрия айкелдин жылдырылышына Орусиядагы болгон жагдайларды мисал кылды.

"Орусиянын деле шаарларында, ошол эле Санкт-Петербург, Белгороддо Лениндин эстеликтери демонтаждалган же башка жерлерге которулган. Бул шаарлардын жалпы архитектуралык, эстетикалык келбетин жакшыртуудагы кадыресе көрүнүш. Андыктан бул маселени саясатташтырыштын кереги жок", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда Ошто Лениндин айкели алынып жатканда тартылган сүрөттөр тараган болчу. Муну өз кезегинде Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев сынга алды.

07.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан