Кечээ, 6-июнда Чилиде күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөө болгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШнын Геология кызматы (USGS) жер титирөөнүн очогу Атакама аймагындагы Диего-де-Альмагро шаарынан 52 чакырым түштүк-батышта болгонун билдирген. Силкинүү болжол менен 76,6 чакырым тереңдикте болгон.
Алгачкы маалыматтарда жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана материалдык чыгымдар болбогону айтылууда. Бийлик азырынча чыгымдар жана кыйроолор тууралуу маалымат бере элек.
Социалдык тармактарда жеринен тартылган видеолор тарап жатат.