Мыймыйлар... Түркияда телеканалдагы түз эфирде түркиялыктарга өзгөчө сунуш айтылган (видео)

Интернетте Түркиядагы телеканалдардын биринин түз эфириндеги окуя талкуу болууда. Анда алып баруучу мышыктын балдарын көрсөтүп, алар телеканалдын имаратында туулганын айтып, аларга татыктуу кожоюндар керек экенин билдирген.

Анын айтымында, редакцияда Лейла аттуу мышыкты багып келген. Ал болсо 5 мыймый тууган.

"Биз мышыкты жакшы бакканбыз. Азыр анын мыймыйлары чоңоюп, бир орунга турбай жатышат. Бизге окшоп жакшы бага турган адамдар болсо берели деп жатабыз. Аттарын койгон эмеспиз. Алган адам өзү жаккан ат коюп алса болот", - дейт ал.

Түз эфирдеги мындай сунуш интернет колдонуучулары тарабынан жылуу кабыл алынууда. Бирок аталган эфир качан көрсөтүлгөнү тууралуу так маалымат жок.

07.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан