Финляндиянын борбору Хельсинкиде жайгашкан Коргоо министрлигинин имаратынын негизги кире бериши 7-июнга караган түнү кызгылт боёк менен боёлгон.
Yle басылмасынын жазганына караганда, полицияга бул тууралуу билдирүү саат 01:42де түшкөн. Күзөт кызматкери окуя болгон жерден аял менен эркекти байкап калышкан. Бирок алар качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Азырынча шектүүлөр табыла элек. Иш өзгөчө оор мүлккө зыян келтирүү катары иликтенип жатат.
Басылма бул үчүн жоопкерчиликти Palestine Action тобу алганын белгилейт. Активисттердин тобу муну Газадагы согушка жана Финляндиянын Коргоо министрлигинин израилдик курал компаниялары менен кызматташуусуна каршы экени менен түшүндүрүшкөн.