Миллиардер Илон Маск АКШнын каржы министри Скотт Бессент менен мушташа кеткенин The Washington Post өз булактарына таянып жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, окуя апрель айында Ак үйдө болгон. Экөөнүн ортосундагы чырга АКШнын Салык кызматындагы негизги кызматка талапкер боюнча пикир келишпестик себеп болгон. Басылманын булагынын айтымында, чырда каржы министри бизнесменди федералдык чыгымдарда триллион доллардан ашык суммадагы алдамчылык схемаларды аныктоо боюнча убадасын аткарган жок деп айыптаган.
Маск Бессентти ийни менен көкүрөк тушуна каккан. Бессент ага жооп кайтарган. Ортого арачылар түшүп, мушташ токтогон.
Эске салсак, май айынын аягында өкмөттүк эффективдүүлүк департаментинин жетекчиси кызматынан кеткен Маск Ак үйдөгү коштошуу пресс-конференциясына көзү көгөрүп келген.