Кыргыз кызы Дүйнө кубогунда күмүш медаль тагынды

Өлкөнүн самбо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Акак Үсөн кызы Армениянын Ераван шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 54 килограммга чейинки салмак ченинде күжүрмөн самбо боюнча катышкан. Алгач ал украиналык, андан соң түркмөнстандык атаандаштарын жеңип, финалга чыккан.

Алтын байге үчүн беттеште орусиялык спортчуга жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан