Колумбияда келерки жылдын май айындагы шайлоодо президенттикке талапкер деп эсептелген сенатор Мигел Урибеге кол салуу болду.
Associated Press билдиргендей, кол салуу кечээ, 7-июнда ал Боготадагы үгүт митингинде сүйлөп жаткан учурда болгон.
El Tiempo гезитинин жазганына караганда, ок аткан 15 жаштагы өспүрүм болгон. Ал 1,5 метр аралыктан сенаторго болжол менен 6 жолу ок чыгарган. Октордун бири Урибенин башына тийген. Ошондой эле окуя болгон жерде дагы 2 киши жарадар болгон.
Саясатчы ооруканада оор абалда жатканы айтылууда. Ал эми кол салган өспүрүм сенатордун жансакчысы тарабынан жарадар болуп, кармалган. Анын иш-аракеттеринин себептери тууралуу азырынча маалымат жок.