Белгилүү америкалык актёр жана музыкант Жаред Летону 9 айым сексуалдык ыдык көрсөтүүлөргө айыпташууда.
AirMail басылмасы менен маектешкен айымдар актёр мурда аларга ыдык көрсөткөнүн айтышкан. Макалада баяндалган окуялардын баары 2000-жылдары болгондугу айтылат. Ыдык көрсөтүү тууралуу айткан айымдардын көбү ошол кезде 16-20 жашта болгон. Алар Летонун мындай аракеттери узак убакыт бою сыр болуп келгендигин белгилешкен.
Ошол жылдары музыкант алар менен таанышкандан кийин телефондоруна билдирүүлөрдү жазып, аларга интимдик суроолорду берип келген. Маектешкендердин бири актёр менен анын үйүндөгү жолугушууну баяндап, анда ал үйүнөн жылаңач чыкканын айткан. Басылма ошондой эле Жаред Летонун өкүлдөрү айыптоолорду кескин четке какканын белгилейт.