АКШда дүйнөгө белгилүү TikTok жылдызы кармалды

АКШнын Иммиграция жана Бажы кызматы TikTok жылдызы Хаби Леймди Лас-Вегастагы аэропортто кармаган.

Agence France-Presse маалымат агенттиги ал 6-июнда Гарри Рид эл аралык аэропортунан визанын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кармалганын жазды. 25 жаштагы италиялык Лейм АКШга 30-апрелде кирген. Бирок ал белгиленген мөөнөттө өлкөдөн чыгып кетпестен визанын мөөнөтүн ашырып жиберген.

Бир аз камалгандан кийин ага АКШдан өз ыктыяры менен чыгып кетүүгө уруксат берилген.

TikTok социалдык тармагынын маалыматы боюнча, италиялык блогер Лейм тиркемедеги катталуучулардын саны боюнча биринчи орунда турат. Анын 162 миллиондон ашык катталуучусу бар. Ал интернетте унчукпастан татаалдаштырылган көрсөтмөлөрдү жөнөкөй кылып көрсөтүп келгени менен белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан