Бүгүн, 8-июнда Кара-Суу районунун Ташлак айылында "Салих Строй" ЖЧКсы тарабынан курулган асфальт жана бетон өндүрүүчү ири заводдун ачылышы болду. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгөн билдирди.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баш болгон бир катар депутаттар, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, район жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышкан.
Жантаев аталган ишкана региондун инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана жергиликтүү экономиканы колдоодо чоң роль ойной турганын белгилеген.
"Заводдун жалпы долбоордук баасы 721 миллион сомду түзөт. Ишкана заманбап технологиялар менен жабдылып, саатына 300 тонна асфальт жана 270 куб метр бетон өндүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Завод толук кандуу ишке кириши менен 150 жаңы жумуш орду түзүлүп, жергиликтүү тургундар туруктуу иш менен камсыз болот", - деп айтылат маалыматта.