Арменияда парламенттик шайлоо качан өтө турганы белгилүү болду

Арменияда парламенттик шайлоо 2026-жылдын 7-июнунда өткөрүлөт. Бул тууралуу Армения парламентинин төрагасы Ален Симонян билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

"Бүгүн, 7-июнь. Армения Республикасынын Улуттук Жыйынына кезектеги шайлоо так бир жылдан кийин, башкача айтканда, 2026-жылдын 7-июнунда өтөт. Саноо башталды...", – деп жазды ал.

Армениянын Улуттук Жыйыны 107 депутаттан турат. Азыркы учурда бул – парламенттин сегизинчи чакырылышы. Парламент пропорционалдык өкүлчүлүк систем боюнча шайланат. Учурдагы чакырылышта бир нече фракциялар бар, алардын эң ирилери –
"Гражданский договор»", "Альянс Армения" жана "Честь имею".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан