Израил бийлиги Газага гуманитардык жардам жеткирүүгө аракет кылган Madleen кемеси Израилге жиберилерин, кемедеги 12 активист өз өлкөлөрүнө кайтарыларын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кеме Газа жээгинен 185 чакырым алыстыктан кармалган. Активисттер жаракат алышкан эмес. Министрлик активисттердин видеосун да жарыялады.
Кеме 1-июнда Италиянын Катания портунан чыккан жана анда төмөнкү белгилүү активисттер жана укук коргоочулар болгон:
Алар Израиль армиясы кийлигишсе, тынч жол менен аракет кыла турганын алдын ала билдиришкен.
Эске салсак, кечээ, 8-июнда Израиль Газа тилкесине багыт алган Madleen кемеcин токтоткон.