Казакстанда жарандардын жеке маалыматтарын саткан кылмыштуу топ кармалды

Казакстанда жарандардын жеке маалыматтары Telegram аркылуу сатылып жатканы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда казак басылмалары жазышты.

Маалым болгондой, окуяга байланыштуу 140тан ашык адам кармалды.

"Ички иштер министрлигинин Кибер кайгуулга каршы күрөшүү департаменти жана Улуттук коопсуздук комитети казакстандыктардын жеке маалыматтарын интернетте саткан кылмыштуу топту кармады. Маалыматтар мамлекеттик базалардан алынган жана Telegram каналдары аркылуу таратылып турган. Учурда беш фигурант камакка алынды. Коллектордук компанияларда жүргүзүлгөн тинтүүдө 400дөн ашык компьютердик жана башка электрондук техникалар алынган",- деп билдирди Киберкайгуулга каршы күрөшүү департаментинин башчысы Жандос Сүйүнбай.

Ошондой эле маалыматка мыйзамсыз кирүү, жеке жашоонун купуялыгын бузуу жана жеке маалыматтар тууралуу мыйзамдын талаптарын сактабастан иш жүргүзүү жана чектелген кирүү мүмкүнчүлүгү бар электрондук ресурстарды мыйзамсыз жайылтуу фактылары боюнча кылмыш иши козголгону айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан