ӨКМге караштуу Окуу-изилдөө борбору күжүрмөн жана атайын даярдыктын абалын баалоо боюнча кышкы окуу мезгилинин жыйынтыгын чыгарууда. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Өздүк курам кесиптик жана дене тарбиялык жактан өз даярдыгын көрсөтүп, аралыкка чуркоо, жерден түртүлүү (отжимание), турникке тартылуу, радиациялык жана химиялык уулуу заттардан коргонуу каражатын кыска убакытка кийип, өздөрүн сынаган.
"Текшерүүдө өздүк курамдын өзгөчө кырдаалдарга даярдык деңгээлин жогорулатуу, аскер кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы бааланды. Ошондой эле саптык даярдык жана кесиптик билими боюнча да сынак тапшырышты", - деп айтылат маалыматта.