Швецияда балдарынын тишине көңүл бурбаганы үчүн ата-энеси камакка алынды. Бул тууралуу Aftonbladet басылмасы жазып чыкты.
Маалым болгондой, Бурос шаарында көп балалуу ата-эне балдарынын тишине такыр көңүл бурган эмес. Тиш дарыгери эки уулунун жана кызынын тишинен кариестин оор түрүн, инфекцияларды жана сезгенүүлөрдү аныктаган. Кыздын 8 тиши, ал эми ар бир уулунун төрттөн тиши суурулган.
Ата-энелер кариестин зыяндуулугун билбегенин жана балдар тиш тазалоодо каршылык көрсөтүп келгенин айтып актанышкан. Бирок сот мындай жүйөнү негизсиз деп эсептеген. Ата-энени балдардын тишине кам көрбөгөнүн зомубулук деп баалап, экөөсүн тең 8 айга эркинен ажыратты.