Криштиану Роналду Португалиянын жеңишинен кийин көзүнө жаш алды (видео)

УЕФАнын Улуттар Лигасынынын финалында Португалия улуттук курама командасы жеңишке жетти.

Беттештен кийин португалиялык футболчу Криштиану Роналду кубанычтан көз жашын тыя алган жок. Испания курама командасы менен болгон беттеште Роналду Португалия курамасынын негизги курамында оюнга кирип, 61-мүнөттө гол киргизди. Бирок беттештин 88-мүнөтүндө алган жаракатынан улам оюндан чыгууга аргасыз болгон.

"Мен ойногон клубдарым менен көптөгөн наамдар бар. Бирок Португалия курамасы менен жеңишке жеткенден артык эч нерсе жок. Бул көз жаш кубанычтан. Миссия аткарылды жана бул абдан чоң кубаныч тартуулайт", - деди ал.

Бул Португалия курама командасынын тарыхында Улуттар Лигасындагы экинчи жеңиши болду. Буга чейин 2019-жылы да уткан.

09.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан