Илон Маск Трамп менен келишпестиктен кийин аны колдогон билдирүү жасады

SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон пикир келишпестиктерден кийин аны колдогон билдирүү жасады.

Ал X социалдык тармактагы баракчасына Трамптын Калифорния губернатору Гэвин Ньюсомдон кечирим талап кылган билдирүүсүнүн сүрөтүн жарыялады.

Ошондой эле Маск Трамптын Лос-Анжелесте тартипти калыбына келтирүү боюнча күч органдарына берген тапшырмасы тууралуу билдирүүсүн эки америкалык желек белгиси менен бөлүштү.

Бул кадамдар Илон Масктын Трамп менен болгон мурунку чыңалуудан кийин алгачкы колдоо белгиси катары бааланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан