Бишкек эл аралык кинофестивалында мыкты тасмага  "Жаабарс" сыйлыгы ыйгарылат

III Бишкек эл аралык кинофестивалында эң мыкты тасмага "Жаабарс" сыйлыгы ыйгарылат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, иш-чара 11-15-июнь күндөрү өтөт. Анда дүйнөлүк тасмалар көрсөтүлүп, атайын коноктор катышат.

"Бишкек эл аралык кинофестивалында "Жаабарс" сыйлыгы эң мыкты фильмге ыйгарылат. Бул кино искусствосундагы эң жогорку жетишкендиктерди белгилөө жана табият, искусство менен улуттук мурастын терең байланышын даңазалоо",- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, илбирс 1994-жылдан бери Бишкек шаарынын расмий символу болуп келет. Ал кыргыз элинде ыйык жаныбарлардын бири катары белгилүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан