Америкалык кабарчы Трампты катуу сындаган соң иштен айдалды 

Америкалык ABC News телеканалы өз кабарчысы Терри Моранды президент Дональд Трамп жана президенттин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Стивен Миллер тууралуу катаал билдирүүсүнөн кийин жумуштан четтетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, окуя 8-июнда болгон. Журналист Трамп менен Миллерди "дүйнөлүк деңгээлдеги жек көрүүчүлөр", "дүйнө жүзү жаман көргөн инсандар" деген билдирүүлөрдү жасаган. Буга Ак үй администрациясы дароо реакция жасап, басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт телеканалдын жетекчилигинен кабарчыга чара көрүүнү талап кылган.

ABC News телеканалынын өкүлү Морандын комментарийлери объективдүү журналистиканын принциптерин карманган телеканалдын позициясын чагылдырбайт деп баса белгилеген. Журналист өзү азырынча бул жагдай боюнча комментарий бере элек. Билдирүүсү өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан