Абактагы жаран фейк аккаунт менен бийликти басып алууга чакырык жасап келген

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети абактагы жаран Facebook социалдык тармагында бийликти күч менен басып алууга чакырык жасап келгени аныкталганын билдирди.

Атайын кызмат Э.Б. аттуу 41 жаштагы жаран "Алып Качар Салып Качар" аталышындагы фейк аккаунту менен январь айынан бери коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган чагымчыл маанайдагы материалдарды социалдык тармакка жайгаштырып келгенин белгиледи.

Топтолгон материалдардын негизинде ага карата 2-июнда "Массалык баш аламандыкка чакыруу" жана "Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

УКМК ал "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыкка чакыруу" жана "Расалык, этникалык, улуттук, диний аймактар аралык кастыкты козутуу" беренелери боюнча №27 түзөтүү мекемесинде 6 жылдан бери жазасын өтөп жатканын да кошумчалады.

Шектүү абакта жаткан жылдары журналист Болот Темиров менен тыгыз байланышта болуп, ага Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ичиндеги абал тууралуу маалыматтарды берип келген жана андан тиешелүү тапшырмаларды алып турган.

Учурда сотко өткөрүп берүү үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан