Кызыл-Кыяда 38 жаштагы аял асынган абалда табылды. Бул тууралуу бүгүн, 9-июнда SUPER.KG порталына Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалым болгондой, окуя, 27-май күнү саат 14:15 чамасында болгон. Анда Т. Н. аттуу 38 жаштагы аял өзүнүн короосунда асынган абалда табылган. Интернетте каза болгон аял бүтүрүү кечесине баргандан кийин асынышы мүмкүн экени тууралуу билдирүүлөр тараган. Мекеме Т.Н. аттуу жаран 20 жылдыкка барбаганын жана окуяга бүтүрүү кечесинин тиешеси жок экенин кошумчалады.
"Күйөөсү экөө тең дин жолундагы адамдар болгон. Экспертизадан эч кандай зордук-зомбулуктун белгилери байкалган эмес",- деп билдирди Баткен облустук ички иштер башкармалыгы.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.