Португалиялык чабуулчу Криштиану Роналду карьерасын Сауд Арабиянын "Аль-Наср" клубунда улантууну пландап жатканын билдирди. Бул тууралуу журналист Фабрицио Романо X социалдык тармагы аркылуу маалымдады.
"Менин келечегимби? Негизи эч нерсе өзгөрбөйт. Мен "Аль-Насрда" каламбы? Ооба", - деди Роналду.
30-май күнү Роналду карьерасын Сауд Арабиясынын клубунда уланта турганы белгилүү болгон. Чет элдик басылмалар клуб менен чабуулчу жаңы келишимге кол коюшканын жазып чыгышкан.
Май айынын аягында Роналду "Аль-Наср" клубунан кете турганы тууралуу маалыматтар чыккан эле. Сауд Арабия чемпионатынын акыркы беттешинен кийин өзү да клубдан кетерин кыйытып айткан. Бирок тараптар жаңы келишим боюнча макулдашууга жетишкен.
Кечээ, 8-июнда Португалия финалда Испанияны утуп, Улуттар Лигасын жеңип алды. Беттеш Германиянын Мюнхен шаарында өтүп, анда командалар оюнду негизги убакытта 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктады. Пенальтиде 5:3 эсеби менен португалиялыктар жеңишке жетишти.