Бишкекте 19 жаштагы жоокер өз жанын кыйды

Бишкекте Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаментинин жоокери өз жанын кыйды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 7-июнь күнү болгон. Анда 19 жаштагы Б.А. аттуу жоокер соттолгон кишини жеке клиникага коштоп бара жатып, ок атуучу куралды колдонуу менен өз өмүрүнө кол салган.

Факт боюнча Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан