Синоптиктер билдиргендей, эртең, 10-июнда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында жамгыр жаайт.
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлөт. Абанын температурасы +20... +22, күндүз +31... +33 градус ысыйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17.. +22, күндүз +28 ... +33;
Талас жергесинде түнкүсүн +14... +19, күндүз +27... +32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +17... +22, күндүз +30... +35;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +12... +17, күндүз +23 ... +28;
Нарында түнкүсүн +8... +13, күндүз +23... +28.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.