Кечээ, 8-июнда Чолпон-Ата шаарында Азия өлкөлөрү ак илбирсти коргоо жана климаттык кризиске каршы күрөшүү үчүн биригишти. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ооганстан, Бутан, Индия, Кыргызстан, Кытай, Непал, Пакистан жана Тажикстандын айлана-чөйрө министрлери, ошондой эле Монголия, Орусия жана Өзбекстандан жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлер Чолпон-Ата шаарында чогулуп, жоголуп бараткан ак илбирсти сактоо жана климаттын өзгөрүшүнүн кыйратуучу таасирлерине каршы аракеттерди талкуулашты.
Глобалдык программа – GSLEP'дин (Global Snow Leopard and Ecosystem Protection Program) алкагында өткөн IX башкаруучу комитеттин жыйынында катышуучу өлкөлөр Чолпон-Ата резолюциясын кабыл алышты. Бул документ климаттын өзгөрүшүнө ылайыкташуу жана жергиликтүү эл менен жамааттар үчүн болгон жаңжалдарды жумшартуу программаларына каржылык колдоону көбөйтүү максатын бекемдейт.
Катышуучу өлкөлөр био түрдүүлүктү сактоо боюнча глобалдык фондго жана башка көп тараптуу каржылоо механизмдерине Азиянын бийик тоолуу аймактарына инвестиция салып, жаратылышты коргоодо жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашууда этикалык ыкмаларды жайылтууга чакырык ташташты. Ошондой эле БУУнун Башкы ассамблеясынын 79-сессиясынын 23-октябрды Ак илбирс күнү деп расмий тааныган чечимин кубатташты.
Жыйынга Глобалдык экологиялык фонд (GEF), Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык фонд (SLT), NABU сыяктуу эл аралык жана көп тараптуу уюмдардын жетекчилери, БУУнун өнүктүрүү программасы (ПРООН), БУУнун айлана-чөйрө программасы (ЮНЕП), WWF жана башка эл аралык жана улуттук жаратылышты коргоо уюмдарынын жогорку өкүлдөрү катышты.
"Ак илбирс жашаган өлкөлөрдүн GSLEP программасына болгон кызыгуусу улам өсүүдө. Көбүрөөк өлкөлөр Башкаруучу комитеттин жыйындарын өткөрүүгө кызыгып жатышат. Былтыр Өзбекстанда, быйыл Кыргызстанда өтсө, кийинкисин Монголия өткөрүүгө даяр экенин билдирди. Бул — ак илбирсти сактоо климаттык кризиске ыңгайлашуунун маанилүү элементи экенин терең түшүнүүнүн жана саясий эрктин далили. GSLEP өлкөлөрдү, жергиликтүү жамааттарды жана эл аралык өнөктөштөрдү бир максат үчүн — Азиянын тоолуу аймактарын коргоо үчүн бириктирет", - деди GSLEP секретариатынын жетекчиси Чыңгыз Кочоров.