Таласта төрт киши милиция кызматкерине пара берип жатканда кармалды (видео)

Таласта төрт киши милиция кызматкерине пара берип жатканда жеринен кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, Бакай-Ата районунун 40 жаштагы үч жана 39 жаштагы бир тургуну баңгизатына байланыштуу фактыны жеңилдетүү үчүн милиция кызматкерине 20 миң сом берүүгө аракет кылышкан.

Шектүүлөр Талас шаарынын сотунун чечими менен убактылуу кармоочу жайга киргизилишти. Учурда тергөө иштери уланууда.

09.06.25.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан